Биз менен байланышыңыз

ӨКМ Ала-Арча суусуна аккан жарандын сөөгүн тапты

Кыска кабар | 15 Июл 2019 | 686 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Ала-Арча суусуна агып кеткен адамдын жансыз денесин табышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Сууга агып каза болгон 25 жаштагы жарандын сөөгү табылып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

ӨКМдин маалыматына карганда, 14-июлда 25 жаштагы жаран Чүйдүн Байтик айылындагы Ала-Арча суусуна агып кеткен.

Аны издөөгө бүгүн, 15-июлда 20 куткаруучу тартылып, саат 11:46да маркумдун жансыз денеси суудан табылган.

Copyright © 2017 Maral FM