Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Сузакта дезинфекцияга элден акча чогултулду деген маалымат калп (видео)

Кыска кабар | 19 Мар 2020 | 656 | 0

Сузак районундагы дезинфекция иш-чаралары үчүн элден акча чогултулуп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов бүгүн, 19-мартта Өкмөттө болгон брифингде билдирди.

Буга чейин белгисиз бирөөлөр тарабынан акча чогултуулар болгону эл арасында айтылган.

Ал арада коронавируска чалдыккан тургундар жашаган Сузак районунун Благовещенск айылында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дезинфекцияло иштерин жүргүзүп жатканын жергиликтүү тургундар видеого тартып, ал социалдык тармактарга тарады.

Кыргызстандын аймагында коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча иш-чаралар үчүн акча каражаттарын которуу максатында атайын эсеп ачылганын Финансы министрлиги билдирген. Эсептин номери: 4402011000101373

Copyright © 2017 Maral FM