Биз менен байланышыңыз

Издөө тобу: Кызматкерлер басылып калган жерге бүгүн жетебиз (видео)

Кыска кабар | 3 Дек 2019 | 939 | 0

Кумтөрдүн жоголгон эки кызматкерин издөө тобу бүгүн «алар көчкүдө калып калды деген болжолдуу жерге жетебиз» деп аракеттенип жатышат. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Акматов «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, учурда кырсык болгон жерде курамына кинологдор, куткаруучулар кирген топ издөө иштерин уланууда.

Экологиялык-техникалык коопсуздук кызматы чалгындоо иштерин жүргүзүп, кооптуу деген жерлерде атайын приборлорду койгон. Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги күнүнө үч жолу анализдерди алып, тийиштүү органдарга жиберип жатат. Кумтөрдүн кызматкерлери басылып калышы мүмкүн деген болжолдуу жерге жетүүгө кыйын болуп жатат. Күн ачылып калды, буюрса, бүгүн кечке чейин ошол болжолдонгон жерге жетебиз деген аракеттерди кылып жатабыз, — деп билдирди Калыс Акматов.

Copyright © 2017 Maral FM