Биз менен байланышыңыз

«Кумтөрдө» жоголгон жарандарды 92 куткаруучу издеп жатат

Коом , Кыска кабар | 2 Дек 2019 | 961 | 0

«Кумтөр» ишканасында эмгектенген эки кызматкер жер көчкү алдында калып, 1-декабрдан бери дайынсыз болууда. Учурда атайын түзүлгөн топ издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Тоо кен тармагындагы адистер “Кумтөр” кенинин жараксыз катмары кескин жылып кетүүсү күтүлбөгөн жагдай экенин белгилешүүдө. Ал эми “Кумтөрдө” иштеген кызматкер алардын коопсуздугу тууралуу байма-бай түшүндүрүү иштери өткөрүлүп турарын айтышууда. Учурда Кумтөрдө иш токтоп, өкмөт башчынын тапшырмасы менен издөө иштери күчөтүлгөн.


«Кумтөр» ишканасында эмгектенген эки кызматкер түнкү нөөмөттө иштечү. Алар бульдозердин машинисти Ж. Жунушов менен тоо-кен бөлүмүнүн мастерлеринин бири О. Ишенбеков аттуу жарандар болгон. Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан маалыматтарга караганда, кызматкерлер Кумтөрдө болуп өткөн жер көчкүнүн алдында калып калышы мүмкүн деп болжолдонууда.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кумтөр кенинде издөө жана куткаруу иштерин күчөтүүнү, зарыл болгон бардык чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери “Кумтөр” кенине кетишкен. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов азыркы тапта  куткаруучулардан турган атайын топ издөө иштерин жүргүзүп жатканын айтты:

— Кырсыкты жоюу боюнча атайын штаб түзүлгөн. Ага ӨКМдин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин, Айлана- чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин, жергиликтүү бийликтин жана «Кумтөр» ишканасынын өкүлдөрү мүчө болгон. Штаб атайын отурум өткөрүп, өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар коюлган. Куткаруу иштери кандай улантылары аныкталды. 

Издөө иштерин жүргүзүп жаткан атайын топтун курамында Жети-Өгүз районунун акими, райондук милициядан, прокуратура кызматкерлери, мындан сырткары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратынын, облустук жана райондук бөлүмдөрүнөн куткаруучулар тартылып, жалпысынан 92 кызматкер 14 даана атайын техниканын көмөгү менен издөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Кумтөрдөгү кырсыкты жоюу боюнча атайын штаб түзүлдү (тизме)

Окуя кандай башталган? Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан билдирүүгө таянсак, 1-декабрда эртең мененки саат 5:43тө Лысый жээк өрөөнүндөгү кендин үйүлгөн жараксыз катмары кескин түрдө жылган. Өндүрүштөгү зарылчылыкка байланыштуу токтоосуз эвакуациялоо тууралуу сигнал түшкөндөн кийин коопсуз аймакка алып чыгуу максатында тоо-кен бөлүмүнүн мастерлеринин бири О. Ишенбеков Форд пикап үлгүсүндөгү кызматтык унаа менен көтөрүлүп, Жунушевди алып чыгышы мүмкүн эле. Бирок тоо-кен өндүрүшү бөлүмүнүн эвакуацияланган кызматкерлери чогулган жерде бульдозердин машинисти Ж. Жунушов да жок болуп чыккан.

Бирок Кыргызстандын тоо-кенчилер жана геологдор ассоцациясынын мурунку төрагасы, тоо-кен боюнча адис Дүйшөнбек Камчыбеков кендин жараксыз катмары кескин жылып кетүүсү күтүлбөгөн жагдай экенин белгилейт. Ал «Кумтөрдүн» тийиштүү кызматкерлери ага мониторинг жүргүзүп турушу зарыл болчу», — деп эсептейт. Анын пикиринде, катмарды жайгаштырууда ката кеткен болушу ыктымал. Эми окуя боюнча мамлекеттик комиссия түзүп, тийиштүү иликтөө иштерин жүргүзүү керек. Комиссиянын курамына тоо-кен тармагынын адистери сөзсүз тартылышы шарт экендигин айтат:

— Мисалы, ӨКМ көчкү жүрүү коркунучу бар жерлерде алдын ала иш-чараларды жүргүзүп келе жатат. Бул жерде да ушул сыяктуу чара колдонуу зарыл болчу. Мурда тоо кен тармагында иш алып барган ар бир компания тоо иштерин өнүктүрүү боюнча план түзүп комитеттин адистеринин алдында далилдеген соң, тийиштүү экспертизадан өткөн соң комитет планды бекитеп берер эле. Компания ошонун негизинде иш алып барчу. Тилекке каршы, Дүйшөнбек Зилалиевдин убагында башаламандык болуп, мындай тартипти жоюп салышты. Эми мамлекеттик деңгээлде кайра өкмөт тарабынан Зилалиев кабыл алган чечимди жокко чыгарып, көзөмлдү күчөтүү зарыл. Балким, «Кумтөрдүн» тоо иштерин өнүктүрүү боюнча планы текшерилгенде кендин жараксыз катмары жылып кетмек эмес. 

Адистин баамында бир гана алтын казууда эмес, башка тоо-кен тармагында иштеген адамдардын да коопсуздугу сакталган эмес.

—  Тилекке каршы, кооптуу маселелер болуп кеткен соң гана чуркап калабыз. Көмүр казуу тармагында да көйгөйлүү маселелер абдан көп. Канчалаган адамдар жер астында калып калууда. Анын алдын алуу үчүн алгач жергиликтүү бийлик тийиштүү чараларды иштеп чыгып, көзөмөлдү күчөтүшү керек. Болбосо мындай иштер улана берет. 

Дүйшөнбек Камчыбеков буга кошумча «Кумтөр» ишканасы жабырлануучуларга компенсация төлөп берерине ишеним артып, андан чочулоонун кажети жок экенин билдирди.

Ал эми «Кумтөрдө» иштеген кызматкерлердин бири менен байланышканыбызда ал коопсуздук эрежелери боюнча байма-бай сабак өтүлүп турарын айтып берди:

— Коопсуздук эрежелери боюнча сабактар дайыма эле уюштурулуп турат. Бир ай мурун эле сабак өтүлгөн. 

Расмий маалыматтар боюнча, “Кумтөр” алтын кенинде 4 миңге жакын адам иштейт. Алардын ичинен 2678и тоо-кен ишканасы менен түз келишим түзүп эмгектенет. Ал эми 1092 адам ортомчу ишканалар аркылуу ишке орношкон.

2018-жылдын 9 айында Кумтөр ишканасында 9,5 тонна алтын өндүрүлсө, быйыл бул көрсөткүч 14,04 тоннага жеткен.

Copyright © 2017 Maral FM