Биз менен байланышыңыз

Кумтөрдөгү кырсыкты жоюу боюнча атайын штаб түзүлдү (тизме)

Кыска кабар | 2 Дек 2019 | 761 | 0

Кумтөр Голд компаниясындагы кырсыкты жоюу боюнча атайын штаб түзүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Штабдын мүчөлөрү төмөндөгүдөй:

  1. Өзгөчө кырдаалдар минитринин орун басары Калыс Ахматов (Штабдын төрагасы)
  2. Мамэкотехинспекциянын директорунун орун басары Расул Артыкбаев;
  3. ГКПЭН дин орун басары Джаманбаев.М.К
  4. ГАООСЛХ директорунун орун басары Козубаев.Н.О
  5. Жети-Өгуз мамлекеттик райадминистрациясынын акими Раматов М.С
  6. Кумтөр Голд ишканасынын өндүрүш боюнча директору Идирисов.Б.И

Штаб өз отурумун өткөрүп тиешелүү жетекчилерге өз тармагына байланыштуу тапшырмалар коюлду. Андан сырткары өзгөчө кырдаалдар катталган аймакта куткаруучулар менен биргеликте Кумтөр ишканасынын атайын адистери менен биргеликте издеп куткаруу иштерин жүргүзүү боюнча тийиштүү иштер аткарылып жатат.

Бүгүн, саат 18:00до штабдык чогулуштун кийинки бөлүгү болуп, анда тийиштүү органдардын ушул сааттарга чейин аткарган иш аракеттери боюнча маалымат берилип издөө иштери түнү менен улантылат.

Copyright © 2017 Maral FM