Биз менен байланышыңыз

Ички дүң продукциянын көлөмү 9,4%га төмөндөдү

Кыска кабар | 13 Апр 2021 | 1530 | 0

Кыргызстанда ушул жылдын январь-февраль айларында ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү болжолдуу эсептөөлөр боюнча 118 млрд сомдон ашкан. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Азамат Оросбаев билдирди.

Анын айтымында, бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,4%га аз.

«Кумтөр» кен байлыгын иштетүү боюнча ишкананы эске албаганда, ИДПнын көлөмү 106 млрд сомго жакын болуп, 4,5%га азайган.

Өндүрүш продукциясынын көлөмү 73 млрд сомдон ашып, бул 2020-жылдын январь айына салыштырмалуу 17,9%га түшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM