Биз менен байланышыңыз

Бензинге болгон баанын өсүшү уланууда

Кыска кабар | 8 мая 2021 | 753 | 0
АИ-95 бензинине болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 49,98 сомду түзүүдө. Бул 2020-жылдын декабрына салыштырмалуу 34,2 %га өскөнүн көрсөттү, ал эми мурунку жылдын апрель айына салыштырмалуу 18,3 %га жогорулады.  Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

АИ-95 бензинине чекене баалар орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору болуп Исфана шаарында бир литри үчүн 51,92 сом болуп катталды. Баткенде бир литр бензин 51,72 сом, Кара — Сууда 50,63 сом жана Кербенде 50,52 сомду түзүлдү.

Ал эми аларга карата минималдуу баалар Балыкчы шаарында катталып, бир литр бензин 48,37 сом, Нарын шаарында 48,60 сом, Чаек айылында 48,70 сом жана Токмок шаарында 48,93 сом болуп катталды.

Бензинге болгон баалардын 2020-жылдын декабрына салыштырмалуу Караколда — 42,5%га, Өзгөндө — 37 %га, Бишкек шаарларында — 34,3 пайызга өсүшү катталды.

Ал эми мурунку жылдын  апрель айына салыштырмалуу бааларынын максималдуу өсүшү Жалал-Абадда — 20,0 %га, Өзгөндө — 19,8%га, Токтогул — 19,7 %га, Кара-Балта — 19,5 %га жана Кербен шаарларында — 19,3 %га өскөнү катталды.

Айрым калк жашоочу пункттарда АИ-95  бензинине карата орточо керектөөчү баалар
(бир литри, сом)

  2020
декабрь
2021
апрель
Четтөө:
өсүүсү
 (+), төмөндөөсү (-)
2020
апрель
2021
апрель
Четтөө:
өсүүсү
 (+), төмөндөөсү (-)
  Кыргыз Республикасы 37,25 49,98 12,73 42,25 49,98 7,73
  Каракол ш. 35,31 50,32 15,02 43,10 50,32 7,22
  Балыкчы ш. 36,66 48,37 11,71 42,33 48,37 6,04
  Кербен ш. 38,03 50,52 12,49 42,34 50,52 8,19
  Токтогул ш. 35,99 49,27 13,28 41,15 49,27 8,12
  Жалал-Абад ш. 37,52 49,90 12,38 41,59 49,90 8,30
  Чаек а., Жумгал району 38,04 48,70 10,65 43,50 48,70 5,20
  Нарын ш. 38,07 48,60 10,53 41,91 48,60 6,69
  Исфана ш. 51,92 51,92
  Баткен ш. 40,40 51,72 11,32 45,90 51,72 5,82
  Кара-Суу ш. 38,56 50,63 12,08 43,58 50,63 7,06
  Ноокат ш. 37,44 49,80 12,37 42,07 49,80 7,73
  Узген ш. 36,20 49,59 13,39 41,41 49,59 8,18
  Покровка а., Манас району 38,08 49,13 11,05 45,64 49,13 3,49
  Талас ш. 38,19 49,15 10,96 45,12 49,15 4,03
  Кара-Балта 37,63 50,03 12,41 41,86 50,03 8,17
  Токмок ш. 36,31 48,93 12,62 42,13 48,93 6,80
  Бишкек ш. 37,26 50,03 12,77 42,15 50,03 7,88
  Ош ш. 37,63 50,14 12,51 42,12 50,14 8,02

(-) – Товар байкоого алынбайт.

Copyright © 2017 Maral FM