Биз менен байланышыңыз

Июндун аягына чейин бензин дагы кымбатташы мүмкүн

Кыска кабар | 24 Июн 2021 | 364 | 0

Ушул жылдын июнь айынын аягына чейин күйүүчү-майлоочу майдын баасы дагы 2%га кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу маалымат жыйында Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов билдирди.

Анын айтымында, июндун орто ченинде Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдор күйүүчү майдын дүң баасын жогорулатты.

Мындан улам күйүүчү-майлоочу майлар түрлөрүнө жараша 1,5 – 2 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн.

Ошондой эле ал июлдун башында заводдор бааларын дагы көтөрөрүн, алдыда ага жараша кошумча маалымат берилерин кошумчалады.

Дагы кымбаттоосу күтүлгөн күйүүчү май

Copyright © 2017 Maral FM