Биз менен байланышыңыз

Декабрдан тарта бензиндин баасы арзандайбы?

Кыска кабар | 26 Ноя 2021 | 815 | 0

Декабрдан тарта нефтетрейдерлер жаңы келишимдерди эске алуу менен АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасын жөнгө сала баштайт. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги билдирди.

Күйүүчү-майлоочу майдын баасын төмөндөтүү акырындык менен жөнгө салынат. Ошол эле учурда дизель да кымбаттай баштады. Мамлекет күйүүчү майдын баасын мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүгө даярданып жатат.

«Азыр Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан демилгеленген күйүүчү-майлоочу майга (АИ-80, АИ-92, дизель отуну) болгон бааларды мамлекеттик жөнгө салуу боюнча чечимдин долбоору коомдук талкууда. Эгерде Министрлер кабинети чечим кабыл алса, анда мамлекеттик агенттик Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык күйүүчү-майлоочу майга бааны жөнгө салуу боюнча бардык зарыл чараларды көрөт», — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM