Биз менен байланышыңыз

«Күйүүчү майдын, тамак-аштын баалары көтөрүлөт, эл даяр болушу керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 31 Дек 2020 | 1930 | 0

Кыргызстанда 2021-жылдын март, апрель айларында күйүүчү майдын, тамак-аштын баалары көтөрүлөт, эл буга даяр болушу керек. Мындай пикирин Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өкмөт маалыматтык саясатты жакшы жүргүзө албай жатат. Экономикалык көйгөйлөрдү жоюу үчүн капиталдардын чыгып кетүүсүн басаңдатып, жайлатуунун амалын издөө керек.

Мындан сырткары, алдыдагы шайлоолор ички инвестицияны качырат.

«Акезчилик, көмүскө экономика жана салыктарды жөнгө салуу менен элдик казынаны толуктоого болот. Эч кимден карыз алуунун кажети жок. Мамлекеттик мүлк боюнча олуттуу реформа жасалышы кажет. Бул тармак абдан начар абалда. Мамлекеттик капиталы бар ишканалардын баары токтоп турат. Башкаруунун эффективдүүлүгүн түшүнбөй эле галстук тагынып алып, «мен мамлекеттик кызматта иштейм» дегендердин жалпы экономикага салымы абдан аз болуп жатат», — дейт Итибаев.

Ал өкмөттүн кадр саясатын сынга алып, абал начар экенине кейиди.

Copyright © 2017 Maral FM