Биз менен байланышыңыз

«Саясат деп жүрүп, өлкөдөн капиталдын баары чыгып кетмей болду»

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Мар 2021 | 1151 | 0

Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев «Маралга» берген маегинде аткаминерлерге — чечим кабыл алуучуларга кайрылуу жасап, учурда биригип, мыйзамдуу иштей турган кез келгенин коңгуроо какты.

Анын баамында, саясат деп жүрүп, өлкөдөн капиталдын баары чыгып кетмей болду. Инвесторлордун арасында таарынып, Кыргызстанга келбей койгондор да бар.

«Бардык ишкер биримдикте болгондо, кыйынчылыктардан оңой чыгып кетмекпиз. Корпоративдик башкаруу системасында Кыргызстан 20 жыл артта калды. Өлкөдө аймактык деңгээлде бир да компания жок. Биз улуттук, ири корпорацияларга басым жасашыбыз керек. Алар экспортко жөндөмдүү болот, натыйжада орто жана чакан бизнестин өнүгүүсүнө шарт түзүлөт», — дейт Итибаев.

Copyright © 2017 Maral FM