Биз менен байланышыңыз

«Кытай менен кызматташууда Кыргызстанга ири институт керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Мар 2021 | 992 | 0

Кытай менен кызматташууда Кыргызстанга ири институт керек. Мындай пикирин Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан үчүн Кытай менен чектеш туруп, иштеше албай жатканы уят.

Кытай менен жакшы ымала түзүү үчүн саясий эрк керек. Ал үчүн жаңыча ойлонгон жаңы жүздөр келип, тең салмакты шарттаган мамилелерди түзүү зарыл.

2026-жылы Кытайдын экономикасы дүйнөдө биринчи орунга чыгат. Андыктан кызматташууга артыкчылык берүү кажет.

Copyright © 2017 Maral FM