Биз менен байланышыңыз

Итибаев: Экономикалык кризис мындан да күчөшү мүмкүн

Кыска кабар , Пикирлер | 31 Дек 2020 | 1705 | 0

Экономикалык кризис мындан да күчөшү мүмкүн. Мындай пикирин Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылы Өкмөттү оор маселелер күтүп турат. Сомдун куну төмөндөшү мүмкүн. Ал эми доллардын баасы 100 сомго чейин чыгышы күтүлүүдө. Бул кымбатчылыкка алып келет.

«Өкмөт бир гана жазга эмес, күзгү даярдыктарды көрүшү керек. Күзүндө да баалар 15-20 % жогорулашы күтүлүүдө. Системалуу иш жүрмөйүнчө, башка араакеттер сууну кумга куйган менен барабар», — дейт Итибаев.

Абакиров: Экономика менен алектенүүгө убакыт келди

Copyright © 2017 Maral FM