Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Казакстан жүк ташуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырат

Кыска кабар | 26 Окт 2021 | 430 | 0

Кыргызстан менен Казакстан жүк ташуучу унаалар үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууда. Бул Кыргызстандан Казакстанга, Орусияга, ошондой эле карама-каршы багытта бара жаткан унааларга тиешелүү болмокчу. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин орун басары Эльдар Алишеров 25-октябрда жүк ташуучулардын бизнес-ассоциациясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди.

Кыргызстандын Салык кызматы менен Казакстандын Каржы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитети 22-октябрда аталган Пилоттук долбоорго кол коюшкан.

Документке ылайык, казак тарап Кыргызстандан барган жүк ташуучу унааларды Казакстанга кирип жатканда жана бул аймактан Орусияга транзиттик жол менен баратканда, ошондой эле карама-каршы багытта баратканда көзөмөл жүргүзүү жана текшерүү чараларын жүргүзбөйт.

Ошол эле учурда ата мекендик жүк ташуучулар жанында электрондук эсеп-фактураларды (ЭЭФ) алып жүрүүгө милдеттүү. Чек арадан өтүүдө эсеп-фактуралар жок болсо, Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитети жүк ташуучу унааларды кайра Кыргызстанга кайтарат.

Берилген маалыматка ылайык, казак тарап унааларга Казакстандын аймагына киргенде көзөмөл жана текшерүү иш-чараларын жүргүзбөстөн жүк ташуучу унааларга навигациялык пломбаларды орнотушат.

Алишеровдун түшүндүргөнүнө караганда, Кыргызстандан Казакстанга бара жаткан жүк ташуучу унааларга карата мурда кетирилген тартип бузуулар үчүн көзөмөлдүн кошумча түрлөрүн жүргүзүү жеңил унаа белгиленген жерге келгенде жүргүзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM