Биз менен байланышыңыз

Абакиров: Экономика менен алектенүүгө убакыт келди

Кыска кабар | 29 Дек 2020 | 965 | 0

Кыргызстанда экономика менен алектенүүгө убакыт келди. Өлкөнүн эгемендик алгандан берки тарыхында жалаң саясат менен алектендик. Мындай пикирин президенттикке талапкер Элдар Абакиров Коомдук каналда өтүп жаткан теледебат учурунда айтты.

-Кыргызстан 1991-жылы эгемендик алганда мен 10 жашта элем. Өлкөнүн 30 жылдык тарыхында жалаң саясат менен алектенип келдик. Куру популисттик пландар айтылып келди. Бирок андан жөнөкөй кыргызстандыктын жашоосу өзгөргөн жок. Эми экономика менен алектенүүгө убакыт келди.

Бүгүн, 29-декабрда Коомдук каналда президенттикке талапкерлердин теледебаты уланууда.

Дебатка Мыктыбек Арстанбек,  Арстанбек Абдылдаев, Имамидин Ташов, Элдар Абакировдор чыкты.

Ал эми Садыр Жапаров менен Рашид Тагаев катышкан жок.

Эртең, 30-декабрда Бабыржан Төлбаев, Курсан Асанов, Равшан Жээнбеков, Жеңишбек Байгуттиев, Улукбек Кочкоров, Абдил Сегизбаевдердин дебаты болот.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жыдын 10январында өтөт. Ага 18 талапкер ат салышат. Учурда шайлоо алдындагы үгүт иштери жүрүп жатат. Ал 8-январда аяктайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM