Биз менен байланышыңыз

Итибаев: Өнүгүп жаткан өлкөлөр инвестицияга эмес, акылдуу адамдарды тартууга кызыктар

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Мар 2021 | 1074 | 0

Өнүгүп келе жаткан мамлекеттер инвестицияга эмес, акылдуу адамдарды тартууга артыкчылык берип жатышат. Мындай пикирин Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, башка мамлекеттер билимдүү, жогорку маданиятка ээ адамдарды кызыктырып, өз өлкөсүнө тартып алууда. Маселен, Сингапур, Кытайда Европанын күчтүү адистери иштеп жатат.

Ал эми Кыргызстанда жумушка алууда илим, билим, дипломго көп маани берилбейт. Мындан улам акылдуулар чет мамлекеттерге чыгып кетүүдө.

Маселени чечүү үчүн өндүрүштү, реалдуу экономиканы көтөрүү, жумуш орундарын түзүү, экспортту көбөйтүү зарыл.

«Жакырчылыкты жоюу үчүн билим берүү сапатын жогорулатуу зарыл»

Copyright © 2017 Maral FM