Биз менен байланышыңыз

«Монополияны жөнгө салуу агенттигинин бааларды жөнгө салууга алы жетпейт»

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Мар 2021 | 1000 | 0

Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин бааларды жөнгө салууга алы жетпейт. Анткени Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери бекем институттарды кура алган жок. Мындай пикирин Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ал орусиялык серепчилердин билдирүүлөрүнө таянып, Кыргызстандын учурдагы абалы Орусиянын 1990-жылдардагы абалындай экенин айтты.

Итибаевдин баамында, Кыргызстанда өзгөчө медицина, билим берүү, коопсуздук тармагында мамлекеттин ролу чектелип калган. Баа кризисинде мамлекеттин ролу өсүшү керек. Баары саясатташып, чарбалык маселелер артта калууда.

Рыноктук экономикада жарандарда «каалагандай иш жүргүзө алам» деген түшүнүк калыптанып, натыйжада мыйзамсыздык, тартипсиздик орун алууда. Маселен, жарандардын көпчүлүгү Эмгек кодексинин негизинде иштебейт, Социалдык фондго төгүм төлөшпөйт.

«Заманбап мамлекетте лицензиялоо, салык жана камсыздоо системасы ачык-айкын жүрөт. Алар жөнгө салынмайынча, тамак-аш коопсуздугу, баалардын өсүшү сыяктуу кризистерге дуушар боло беребиз. Элибиз кыйналгандан кыйналат», — дейт Итибаев.

Copyright © 2017 Maral FM