Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Бизге тез жана көзгө көрүнө турган натыйжалар керек

Кыска кабар | 23 Июн 2021 | 1139 | 0

Азыр коронавирус илдетине байланыштуу кырдаал курч. Соңку күндөрү инфекциянын жайылышы күчөп, абал барган сайын курчуп бара жатат. Ага карабастан карантиндик катаал чектөөлөрдү киргизген жокпуз. Анткени экономика чабал акыбалда. Бүгүнкү күндө кош кысымдын алдында калды. Бир жагынан коронавирустун кесепетинен товарлардын жүгүрүүсү кыскарды, экинчи жагынан бүткүл дүйнөнү тооруган экономикалык кризис менен кымбатчылыктын кесепети бизди да кыйгап өткөн жок. бардык өлкөлөрдү кымбатчылык каптады. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров бүгүнкү бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Президент ошондой эле ишкерлерге ыраазычылыгын билдирип, алардын ак эмгегинин аркасында салыктар төлөнүп, жумуш орундары түзүлүп, бюджет толуп жатканын белгиледи.

«Калкты керектүү товар менен камсыздап, кызмат көрсөтүп, азык-түлүк коопсуздугун сактоого салым кошуп келесиздер. Ишкер — экономиканын, иновациянын жана өнүгүүнүн кыймылдаткычы. Бүгүнкү күндө экономикабыздын дээрлик 85%ын ишкерлер түзөт. Ошондуктан мамлекеттик кызматкерлерди ишкерлерге болгон мамилени түп тамырынан өзгөртүүсүн талап кылам. Биздин экономика чечкиндүү чараларды талап кылууда. Бизге тез жана көзгө көрүнө турган натыйжалар керек. ИДПнын көрсөткүчү киши башына болжол менен киши башына 1 300 долларды түзөт. Бул көрсөткүч ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин ичинен эң төмөнкү көрсөткүч. Дүйнөлүк ортото көрсөткүчтөн тогуз эсеге аз» , — деди Жапаров.

Мамлекет башчысы ишкерлер менен экономиканы өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун, экономикалык реформаларды жүргүзүүгө багытталган кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү пландарын, ошондой эле ишкерлер чөйрөсүн түйшөлткөн көйгөйлөрдү талкуулап жатат.

Copyright © 2017 Maral FM