Биз менен байланышыңыз

«Жакырчылыкты жоюу үчүн билим берүү сапатын жогорулатуу зарыл»

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Мар 2021 | 1553 | 0

Соода, салык, бажы саясаты олуттуу иштер алып барылбай, синхрондуу саясат жүргүзүлбөгөндүктөн, өлкө экономикасы кризиске малынды. Мындай пикирин Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө экономикалык саясат жок. Ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо жокко эсе. Мунун айынан азык-түлүк, мунайзатка болгон баалар кескин өсүүдө. Айталы, күйүүчү май маселесинде Орусиянын рыногуна көз карандылык бар.

Жакырчылыкты жоюу үчүн билим берүү сапатын жогорулатуу зарыл.

«Учурда уурлук да көбөйүүдө. Бул жакырчылыктын өсүшүн айгинелейт. Маселени системалуу түрдө чечүү зарыл, саясий туруктуулукту талап кылат. Жаштар иштеши керек, бирок тилекке каршы, жаңылануу болгон жок. Социалдык модернизациянын ордун деградация ээледи. Маданий, руханий жакырчылыкка кептелдик. Эгемендүүлүк алгандан бери жакшы муун өстүрө алган жокпуз. Көпчүлүк жаштар жадагалса, шар окуганды, сабаттуу жазганды билишпейт», — дейт Итибаев.

Copyright © 2017 Maral FM