Биз менен байланышыңыз

«Элдин көйгөлөрү экинчи планда калууда»

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Мар 2021 | 799 | 0

Дүйнөлүк чек менен карай турган болсок, Кыргызстанда калктын 80%ынын кирешеси жашоо деңгээлинен төмөн. Мындай пикирин мамлекеттик ишмер, Баткен облусунун экс-губернатору Султанбай Айжигитов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, дүйнө жүзүндө жашоо деңгээли башкача эсептелет. Ал эми Кыргызстанда жашоо деңгээлинин 60%ы жакырчылыктын чеги катары бааланат. Башкача айтканда, 2800 сомдон аз киреше тапкандар жакыр эсептелинет.

Жакырчылыкты жоюу үчүн калктын кирешесин көбөйтүү керек. Бирок Кыргызстан анын ордуна жашоо деңгээлинин чегин төмөн, жакырлардын санын кыскартып көрсөтүүдө.

«Чынын айтканда, өлкөдө жакырчылыктын деңгээли 90%дан жогору. Конституциялык реформа сыяктуу иш-аракеттер негизгилерден болбошу керек эле. Бүгүнкү күндө экономика, жакырчылыкты жоюу, азык-түлүк коопсуздугу биринчи кезекте турушу керек эле. Тилекке каршы саясий иштер, кызыкчылыктар үстөмдүк кылып, элдин күндөлүк көйгөйлөрү экинчи планда калып калууда», — дейт Айжигитов.

Айта кетсек, Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, 2021-жылы Кыргызстандагы жакырчылыктын деңгээли 35 пайызга чейин жетиши мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM