Биз менен байланышыңыз

Ворухка салына турган жол элди санааркатууда

Коом , Кыска кабар | 6 мая 2021 | 2811 | 0

Бүгүн кыргыз-тажик чек арасы боюнча акыркы жолугушууда кол коюлган протоколдор ачыкка чыкты. Алгач документти тажик тарап жарыялап, Кыргызстандын аймагындагы Ворух анклавына коридор боло турган жол салына турганын айтты. Көп өтпөй Кыргыз Өкмөтү да протоколду ачыкка чыгарды. Учурда эки өлкөнүн УКМК төрагалары кол койгон келишим коомчулукта талкууга алынып, Баткендин тургундарынын нааразылыгын жаратты.  

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 1-2-майда Тажикстан УКМКсынын төрагасы Саймумин Ятимов менен болгон жолугушуусунда кол койгон протоколдо Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду эки тарап биргелешип курууну макулдашканы маалым болду. Капчыгай (Танги) айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтөрү айтылган автожолду тажик тарап Кыргызстан менен кошо салат жана колдонот.

Жол Кыргызстан менен Тажикстандын эсебинен курулат, ал эми автожолдун макамы жол салынган соң эки өлкөнүн өзүнчө мамлекеттик макулдашуусу менен аныкталат.

Бул чечимди өтө чоң катачылык, такыр туура эмес, түшүнүксүз иш катары баалады Баткен облусунун экс-губернатору Султанбай Айжигитов. Анын айтымында, коридорду эки өлкө чогуу курат, бирок жыйынтыгында башкаруу Тажикстан тарапка өтүп, толугу менен алардын жери болуп калат. Коридор курулары менен, анын бир бети Баткен районун жарымы, Лейлек району жана Сүлүктү шаары толугу менен бир анклав болуп, экинчи жагы башка анклав болуп калуу коркунучу бар экенин, ошондой эле тажик тарап бара-бара кысым көрсөтүү менен элди чыгарып, коридордун күн батыш жагын толук өзүнө ээлик кылып алышы мүмкүн экенин эскертти.

 «Эгерде жол курула турган болсо, анда коридор өтөт. Демек Баткен районунун жарымы, Лейлек району, Сүлүктү шаары толугу менен бир анклав болуп, ары жагы экинчи анклав болуп калат. Ошол жакты тажиктер улам кысып отуруп, элди чыгарып салышат да, өздөрү ал жерди ээлеп алышат. Бул стратегиялык жактан алып караганда аябай туура эмес нерсе, себеби абдан көп коркунучтар бар. Бардыгы эле айтып жатышат, аларга ишенбөө керек деп, чынында эле аларга ишенип болбойт азыр. Азыр коридор курулары менен элге ошол замат сезиле баштайт, ал тургай курулуп жатканда эле сезилип баштайт. Чоң ыңгайсыздык жаратат, эл көнбөйт, анын кесепетинен эл кайра көтөрүлүп, тополоң башталат. Андан көрө жөн гана Ворухка тоскоолдуксуз өтө тургандай кепилдик берип коюшу керек болчу. Кыргызстан бул жерде бардык жолдон уттурат, эч кандай пайда болбойт бизге, бир тыйын да пайдасы жок, бир гана зыян», — деди Айжигитов.

Ал эми Баткендин тунгуч губернатору, чек ара маселелери боюнча эксперт Мамат Айбалаев эгерде курула турган жол Капчыгай айылынын чыгыш жагынан тоонун этеги менен өтсө, анда жакшы болмогун, тилекке каршы, Ворух анклавына кеткен жол Ак-Сай айылынын ортосу менен өткөнү турганын айтты. Мунун кесепетинен кыргыз-тажик ортосунда байма-бай кагылышуулар болушу мүмкүн экенин эскертип, андыктан Ак-Сай айылын жаап, Ворухка тоонун асты менен өтө тургандай жол салынышы керектигин баса белгиледи.

«Коридорду тоонун этеги менен куруу керек. Ошондо гана туура болот, андай болбосо, кыргыз-тажик ортосунда уруш-талаш, мушташтар боло берет. Бирок жол сала турган тоонун этеги — Капчыгайда жашаган элдин мал баккан жери. Кыргыздар малын тоонун этегине айдап коюп багат да. Ошондуктан жолду курууга канча жер кетерин эсептеп туруп, Ак-Сайдагы, Капчыгайдагы эл менен акылдашып, жергиликтүү тургундардан: «Ушул жолго кеткен жердин ордуна кайсы жерден сиздерге жер сурап берели?» — деп суроо керек. Алар айткандан кийин, тажиктер менен сүйлөшүп, кенемте катары башка жерди бөлдүрүп алуу керек. Ак-Сайдан бир гана ошол айылдын эли өтө тургандай кылуу керек», — деди Айбалаев.

Ошондой эле кыргыз жарандарын кабатырланткан дагы бир жагдай кыргыз-тажик чек арасын тактоодо 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык бөлүштүрүү боюнча жана паритеттик комиссиянын 1989-жылдагы документтерин пайдалануу чечими кабыл алынган. Эксперттердин пикиринде, тажик тараптын бул сунушуна кыргыз тарап 30 жылдан бери макул болбой келген.

Ал эми топографиялык жумушчу топко 5-майдан 9-майга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы аталган аймактардагы долбоордук сызыкты сүрөттөө тапшырмасы берилген.

Copyright © 2017 Maral FM