Биз менен байланышыңыз

Айжигитов: Биз Тажикстанга экономикалык өнөктөш катары абдан маанилүүбүз

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Апр 2021 | 4524 | 1

Кыргыз-тажик чек арасында маал-маалы менен чыгып турган чатактарды басуу үчүн чек араны жаап, алар менен кандайдыр бир мамилени токтотуп салса болот. Мындан Кыргызстан эч нерсе уттурбайт. Мындай пикирин Баткен облусунун экс-губернатору Султанбай Айжигитов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, маселени дипломатиялык жол менен чечиш үчүн  артыңда экономикалык рычагың, күч рычагың болуш керек. Тажик тарапка карата андай рычаг Кыргызстанда бар.

«Бүгүнкү күндө Тажикстан менен Кыргызстандан ортосундагы соода алакасы 100 миллион долларга жетпейт. Бул акча жадагалса биздин кедей экономикабыз үчүн эч нерсе эмес. Экономикалык карым-катнашта Тажикстандын биз үчүн эч кандай мааниси жок. Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Кытай менен мааниси бар, Тажикстан менен жок. Лейлек, Баткен райондорунун, Сүлүктүнүн эли базарынан бирдемке алып чыгат, болгону ошол. Бирок чек араны жаап туруп, ал айылдарга керектүүнүн баарын Кыргызстандын территориясы аркылуу жеткирип, шарт түзүп берип койсок болот. 

Ал эми биз Тажикстанга экономикалык өнөктөш катары абдан маанилүүбүз. Инфраструктура жагынан маанилүүбүз, себеби жолдору биз аркылуу өтөт. Электр энергиялары дагы биз аркылуу өтөт. Суу түйүндөрү дагы биз аркылуу өтөт. Булардын Евробиримдикке  чыкканы да биз аркылуу өтөт. Лейлекте километрге созулган фуралар турат. Бир күндө Тажикстанга Кыргызстандан миңдеген фуралар кирет. Алар Тажикстанды багып атат. 

“Дипломатиялык жол менен чечебиз” дейт. Сөзүң өтүмдүү болуш үчүн аркаңда экономикалык рычагдарың, күч рычагдарың болуш керек.  Алар бул жаатта бизден абдан көз каранды. Эмнеге биз ушуларды колдонбойбуз?» — деп суроо салат Султанбай Айжигитов. 

Ал ошондой эле Тажикстанга кетип жаткан көп сандагы жүк ташуучу унааларга токтолуп, бул жерде чоң коррупция жатканын айтты.

«Бир күндө миңдеген фура кетип жатат. Биз жөнөткөн күйүүчү майды куюп алып, бизге кайра танкалар, тик учактар менен келип атат. Эмнеге биз аларды жеткирип берип жатабыз? Аны жөнөкөй адам жасай албайт. Бир уйду Тажикстанга сатам деп алып чыкса, контрабанда деп камап салып жатат. Эки эл илгертен эле бири-бирине тамак-аш сатып келген, бул контрабандага кирбейт. Контрабанда — бул миңдеген-миңдеген фуралар. Ал бир гана Тажикстанда бийликте отурган адамдар менен Кыргызстанда бийликте отурган аябай таасирлүү адамдардын гана колунан келет. Ошону тыйып таштаса, элдин кызыкчылыгына эч кандай зыян болбойт» -дейт ал.

 

Copyright © 2017 Maral FM