Биз менен байланышыңыз

«Июндун аягында күйүүчү май дагы кымбатташы мүмкүн»

Экономика | 24 Июн 2021 | 4642 | 0

Үстүбүздөгү жылдын июнь айынын аягында күйүүчү-майлоочу майдын баасы дагы 2%га көтөрүлүшү мүмкүн. Буга байланыштуу бүгүн, 24-июнда «Күйүүчү-майлоочу май базарындагы кырдаал жөнүндө» маалымат жыйын болуп өттү. Анда күйүүчү-майлоочу майларга болгон бааны турукташтыруу үчүн ишке ашырылуусу зарыл делген бир катар иш мерчемдер талкууланды.

Өлкөдө мунайды кайра иштетүүчү 10 завод бар. Алар жылына 2 млн 150 миң тонна мунай иштетип чыга алат. Ал эми Кыргызстандын ички керектөөсү 1,5 млн тоннаны түзөт.

Бүгүнкү күнгө чейин күйүүчү-майлоочу майларга болгон баа туруксуз. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жөнгө салынуучу чөйрөлөр бөлүмүнүн башчысы Сагындык Маматоморов мунайзатына болгон баанын жасалма жол менен өсүшүнүн алдын алуу максатында мамлекеттик, жеке менчик ишканалар, ассоциациялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын билдирди.

«Учурда Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги ассоциациялар менен чогуу иш алып барабыз. Күйүүчү-майлоочу майларга болгон баанын негизсиз көтөрүлүшү боюнча бир нече жолу жолугушууларды өткөрдүк. Жасалма жол менен көтөрбөө үчүн да бир топ иштерди алып барып жатабыз. Апрель, июнь айларында баа 60-70 сомго чыгат деген сөздөр чыккан. Ал бүгүнкү күндө ассоциациялардын жардамы менен биздин аткарган жумуштардын негизинде, ошондой эле Орусия менен биргеликте алып барылган иштердин натыйжасында учурдагы туруктуу баа 50 сомдун айланасында сатылууда. Жасалма жол менен өз алдынча сатып жаткан ишкерлер, ишканалар бар. Алардын ишине бөгөт коюу боюнча өлкөдөгү бардык нефтетрейдерлерге эскертүүлөрдү жөнөткөнбүз».

Кыргызстан Казакстандын Энергетика министрлиги менен мунайзатын алымсыз (пошлина) ташып келүү келишимине кол коюуну көздөп жатат. Бул боюнча Энергетика жана өнөр жай министрлигинин отун саясаты бөлүмүнүн башчысы Талант Маматеминов маалымат берди.

«Азыр индикативдик баланска өзгөртүү киргизүү боюнча иш-чаралар жүрүп жатат. Анын негизинде, дизель отунун 65 миң тоннага, күйүүчү май боюнча 70 миң тоннага өзгөртүү киргизели деп жатабыз. Казакстан бизге бир аз тобокел жараткан келишимди сунуштап жатышканына байланыштуу келишимге кол коюу созулуп кетти. Учурда бир түшүнүккө келүү үчүн аракеттер көрүлүүдө. Кыска убакыт аралыгында кабыл алабыз деген ниетте аракеттенип жатабыз».

«Нефтетрейдерлер» ассоциациясынын аткаруучу директору Канатбек Эшатов июнь айынын аягына чейин күйүүчү-майлоочу майдын баасы 2%га чейин көтөрүлүшү мүмкүн экенин айтты. Эшатов июндун орто ченинде Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдор күйүүчү майдын дүң баасын жогорулаткан.

«Казакстандын Манкышлак заводунда оңдоо-түзөө иштери жүрүп жатат. Ал эми Атырау авариялык абалда тургандыктан, эки аймакта тартыштык пайда болууда. Казакстан тарап бул маселени 4-5 күн аралыгында чечебиз деп жатат. Ал жакта болуп жаткан кырдаал бизге эч кандай таасирин бербейт. Казакстанда баа бизге караганда кымбат. Орусиядан ташып келгенде деле 1 тоннасы 60 доллардан жогору болуп жатат. Орусиядан кайсы бир көлөмдө күйүүчү майды Казакстан экспорттоп алса, бизде тартыш болуп калат деген туура эмес».

Кыргызстан бир жылда 1 млн 200 тонна күйүүчү-майлоочу май керектейт. Анын 1 млн тоннага жакыны Орусиядан алынып келинсе, 200 тоннасын ички өндүрүүчүлөр чыгарат. Ал эми мунайды кайра иштетүүчү «Токмок» жана «Жунда» заводдору ишке кирсе, Кыргызстан өзүн өзү күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кыла алат. «Жунда» заводу жылына 800 миң тонна, «Токмок» заводу 400 миң тонна күйүүчү-майлоочу майды иштеп чыгат.

Copyright © 2017 Maral FM