Биз менен байланышыңыз

«Мунайдын кымбатташына эч кандай негиз жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Янв 2021 | 658 | 0

Талаптарга ылайык, Кыргызстанга К-4 жана К-5 үлгүсүндөгү мунай заттар импорттолушу керек. Бирок өлкөгө өтө төмөн сапаттагы күйүүчү майлар да кирип жатат. Бул тууралуу Мунай сатуучулар ассоциациясынын президенти Канат Эшатов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, сапатсыз күйүүчү майлар К-4 жана К-5 үлгүсүндөгү мунай заттардын наркында сатылууда. Бул жерде аткезчилик менен иштеген айрым ишкерлер эбегейсиз пайда көрүп жатышат. Алар өлкө экономикасы менен кошо калктын саламаттыгына олуттуу зыян келтиришүүдө.

Экономика министрлиги мунайдын баасы 7-12 сомго кымбаттаарын айтып, коомчулукка туура эмес маалымат таратып, элди дүрбөлөңгө салууда. Бирок министрлик айткандарына далилдүү жүйө келтире албай жатат.

«Анткени биз 2015-жылдан бери Кыргызстанга Евро-4, Евро-5 классындагы сапаттуу күйүүчү майларды алып келип жатабыз. Баалары ошол эле бойдон. Нарктын көтөрүлүүсүнө эч кандай негиз жок. «Өлкөдө унаалар эски, аларга К-6 мунай затын куйса да пайда жок» деген туура эмес пикирди айтып жатышат. Сапаттуу майдан атмосферага зыяндуу заттар азыраак чыгат», — дейт Эшатов.

Copyright © 2017 Maral FM