Биз менен байланышыңыз

Дагы кымбаттоосу күтүлгөн күйүүчү май

Саясат , Экономика | 6 Апр 2021 | 2048 | 0

Кыргызстанда мунайзатына болгон баанын өсүүсү уланууда. Өлкөдө жыл башынан бери бензин менен дизелдик күйүүчү майдын баасы кескин кымбаттай баштаган. Бензинге болгон таңкыстыкты чечүү максатында өкмөт башчы Улукбек Марипов марттын башында Кыргызстандан сыртка ташууга убактылуу тыюу салган. Бирок ага карабай, апрелде дагы 3 сомдон 5 сомго чейин кымбатташы күтүлүп жатканы айтылууда. Өлкө мунайзатка болгон керектөөнү кантип чечет? Алдыда кененирээк токтолобуз.

Күйүүчү майга болгон баанын кымбатташы айдоочулардын нааразычылыгын күчөттү. Шаардан алыс жашап, күндө барып-келип иштеген Садырбек Саматов бензинди үнөмдөө үчүн шаардын ичине киргенден кийин жөө басып, же коомдук транспортту колдонгонго аракет кылып жатканын билдирди. Анын пикиринде, күзүндө 600 сомго 20 литр бензин куйса, азыр 12 литр гана бензин келип калган.

«Бензиндин кымбатташы капчыкка дароо таасирин тийгизди. Күзүндө 500-600 сомго бензин куюп, бир жумадай жүрчүмүн. Азыр 500 сомго бензин куйсам, 2 күнгө да жетпей калат. Азыр унаа менен мурдагыдай ашыкча ары-бери жүргөндү, жумуштан сырткары көп жакка барууну токтотуп, ушул бензиндин чыгымын жабыш үчүн таксист болуп иштөөгө да туура келип жатат». 

Кыргызстанда апрель айында бензин 6%га, дизель 9%га чейин дагы кымбатташы мүмкүн. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын билдиришинче, бензиндин кымбатташынын негизги себеби дүйнөлүк базарда жана Орусияда күйүүчү майдын кымбатташы, Казакстандан мунайдын экспорту токтогону болуп жатат. «Brent» маркасындагы мунайдын баасы ушул жылдын 2-апрелине карата дээрлик 65 долларды түзгөн.

Орусия менен арзандатуу боюнча сүйлөшүү жүргүзгөндө, алар дүйнөдө мунайдын баасы кымбаттаганын айтып жатышканын «Нефтетрейдерлер» ассоциациясынын аткаруучу директору Канатбек Эшатов айтат. Анын пикиринде, Орусиянын өзүндө бензиндин чекене баасы Кыргызстанга салыштырмалуу кымбат. Анткени, Орусия Кыргызстанга күйүүчү майды бажы алымдарын төлөбөстөн экспорттоого уруксат берген.

«Алты пайыз деген эми 3-3,5 сом, ал эми тогуз пайыз дегенибиз — 4-4,5 сом. Эң негизги эле маселе бензинди Кыргызстанда өндүрүү керек. Өзүбүздөгү нефти заводду иштетсек жакшы болмок. Энергетика министри айткандай, бизде 290 млн мунай бар экен. Ошону казып алып эле өндүрсөк, кырдаал башкача болмок. Биздин ички керектөөбүз — 1,5 миллион тонна. Заводду ишке киргизсек, ички керектөөнү толук эле камсыз кыла алабыз».

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, өлкөнүн бензин менен дизелге болгон жылдык керектөөсү орточо 1 млн 300-400 миң тоннаны түзөт жана күйүүчү-майлоочу майдын 80%ы Орусиядан келет. Анын 20 %ы өлкөдө өндүрүлөт. Мындан сырткары былтыр пандемияга байланыштуу Казакстанда ашыкча бензиндин көлөмү пайда болгондо, Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу май келип турган. Бирок жаңы жылга жакын ички керектөөлөрүндө тартыштык пайда болуп, экспорттоону кайрадан токтотушкан. Казакстан Орусиянын баасына теңеп сатып, Орусия менен Казакстандан келген бензиндин бааларында айырмачылык деле болгон эмес.

Экономика жана финансы министринин орун басары Эльдар Алишеров эгерде баалар бир айдын ичинде 20%га өсүп кетсе гана көзөмөл киргизиле турганын, азыркы учурда андай көрүнүш жок экенин билдирди.

«Биздин Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигибиз бар. Баалар бир айдын ичинде кескин түрдө 20%дан өсүп кетсе, ошондо биз мамлекеттик көзөмөл киргизебиз. Бааларын аныктап беребиз, ошол баалар менен сатышат. Шарты боюнча бир айдын ичинде 20%га өсүп кетсе гана көзөмөл киргизе алабыз. Азыркы учурда андай көрүнүш жок». 

Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев 24-мартта Жогорку Кеңештин жыйында мунайдын баасын турукташтыруу жолун айткан. Ал үчүн кайра иштетүү маселесинде чийки мунайды алууну чечүү керектигин, бул боюнча Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.

Азыр бизде мунайды кайра иштетүүчү заводдун кубаттуулугу 2 млн 215 миң тонна иштеткенге мүмкүнчүлүгү бар. Биз азыр жок дегенде 1,3 млн тоннаны иштетсек, толук кандуу ички керектөөнү камсыз кылат элек. Ошого байланыштуу учурда Казакстан менен Өзбекстандан чийки зат алып келип, Кыргызстандан кайра иштетүү үчүн аракеттер болуп жатат. Биз бул боюнча коңшу мамлекеттер менен министрликтин деңгээлинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Чийки заттарды киргизип, заводдорду иштетип, ички продукция менен толуктайлы деп жатабыз».

Ал эми Экономика министрлигинин өкүлү Зайнидин Жумалиев нефтини кайра иштетүүчү заводдор ишке кирсе, анда ички керектөөнү толук камсыздаганга мүмкүнчүлүк бар деп эсептейт. Бирок, ал үчүн заводдордун баары реконструкциядан өтүшү керек. Анын пикиринде, модернизация кылууга чоң суммадагы каражат жана болжолдуу 2 жыл убакыт керектелет.

«Казакстан менен сүйлөшүүлөрдүн башталганына 2-3 күн болду. Өкмөттөр аралык кеңештин протоколуна кол койдук. Эми ушунун негизинде иш жүргүзүлө баштайт. Канча көлөмдө, кандай негизде алсак боло турганы сүйлөшүүлөрдүн негизинде белгилүү болот. Анан биздин нефтини кайра иштетүүчү заводдор ишке кирсе, анда ички керектөөнү толук камсыздаганга мүмкүнчүлүк бар. Бирок бул жерде бир нерсени айтып кетишибиз керек. Ал үчүн биздеги заводдордун баары реконструкциядан өтүшү керек. Бензиндин К-4, К-5 классындагы сапатка чыгуу үчүн заводдор модернизация болушу зарыл. Ага көбүрөөк акча талап кылынат. Учурда ар бир завод өзүнүн өндүрүшүндө К-4, К-5 классындагы бензиндерди чыгарууга дарданып жатат. Заводдорду модернациялоо болжолдуу эки жылдын ичинде ишке ашышы мүмкүн».

Экономист Искендер Шаршеев нефтини кайра иштетүүчү заводдорду ишке киргизүүнүн ордуна электромобиль куроочу, жыйноочу же оңдоочу заводдорду көбөйтсө, андан да туура чечим болмок деп эсептейт.

Анын айтымында, Кыргызстандагы бензинге болгон көз карандылык, акырындап элекромобилдерге өтүүнү талап кылат.

«Анткени бүгүнкү күндө электромобилдердин сапаты, бензин менен жүргөн унаалардан артык болуп, ошол эле учурда баасы да арзаныраак болуп калды. Ошондуктан бизди курчаган дүйнө тез өзгөрүп жатат. Негизи Кыргызстанга нефтини кайра иштетүүчү заводдордун ордуна, электромобилдерди жыйноочу заводдорду курсак, Кытайдан тетиктерин алып келип, бизден жыйнасак акылдуу кадам болмок». 

Учурда АИ-92 бензининин орточо баасы 48 сом болсо, дизелдин баасы 44,4 сомду түзөт. Ал эми Москвада ушул күнү АИ-92 бензини 44,99 рублдан сатылып жатат. Муну сомго которгондо 50 сомдун тегерегинде болот.

Орусиянын Москва шаарындагы май куюучу жайдагы бензиндин 6-апрелге карата баасы

Copyright © 2017 Maral FM