Биз менен байланышыңыз

Бир айда өлкө боюнча жашылча-жемиштердин баасы 16%га кымбаттады

Кыска кабар | 24 Июн 2021 | 570 | 0

Июнь айында май айына салыштырмалуу өлкө боюнча жашылча-жемиштин баасы 16,4%га кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Бул аралыкта жашылча 19,5%га жана жемиштер 6,4%га (жаңы жемиштерге баанын өскөнүнүн эсебинен 7,0%) өстү. Муну менен катар сабиз 1,6%га, картошка 36,3%га, өрүк 2,2 эсе, ал эми алма 15,4%га көтөрүлгөн.

Бишкек шаарында картошканын чекене баасы республиканын орточо көрсөткүчүнөн (килограммына 58,44 сом) ашты. Сабиздин баасы Баткенде — 77,40 сом,  Нарында — 75,46 сом жана Бишкекте — 75,09 сом болуп, эң жогорку чекке жеткен.

Copyright © 2017 Maral FM