Биз менен байланышыңыз

Эл каттоонун мөөнөтү жылдырылышы ыктымал

Кыска кабар | 18 Мар 2020 | 662 | 0

23-мартта башталуучу Эл каттоонун мөөнөтү жылышы мүмкүн. Бул маалыматты Улуттук статистика комитети ырастап, бул боюнча эртең, 19-мартта толук маалымат бериле турганын билдирди.

Кыргызстанда Эл жана турак жай каттоо иш чарасы 23-марттан 1-апрелге чейин өтөөрү белгиленген. Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов жакында эле президенттин катышуусунда болгон Коопсуздук Кеңешинин жыйынында эл каттоо иш чарасы белгиленген убакытта өтөрүн айткан.

Copyright © 2017 Maral FM