Биз менен байланышыңыз

Улуттук статистика комитети: Кыргызстанда аялдардын саны көп

Кыска кабар | 6 Мар 2020 | 1104 | 0

Улуттук статистика комитети 8-март Аялдардын эл аралык майрамынын алдында өткөн жылы жүргүзгөн иликтөөсүн коомчулукка чыгарды. 2019-жылга карата республикадагы аялдардын саны 3,2 миллионду түздү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Иликтөөгө ылайык, аялдар 50,4 пайызды түзүп, эркектерге караганда көбүрөөк экени аныкталган. Ошол эле мезгилде, аялдардын 65%ы аймактарда жашайт. Жалал-Абад менен Ош облустарына ар бир бешинчи аял туура келсе, Бишкекте ар бир алтынчы аял жашаганы катталды.

Өлкөнүн экономикасына салымын кошкон аялдардын ар бир алтынчысынын курагы 25-29 жашты түзөт. Аялдар эмгектенген тармактар саламаттыкты сактоо, калкты социалдык жактан тейлөө, билим берүү, мейманкана жана ресторан тармактары жана соода болуп саналат.

2018-жылы жогорку кесиптик билими бар аялдардын саны 27%ды түзсө, эркектердин көрсөткүчү 17 жана 19% болгон.

2018-жылы 50 миң аял турмуш куруп, анын 94ү биринчи ирет ак жоолук салынган. Негизинен, аялдар 18-25 жаштан баштап турмуш курганы байкалган.

Copyright © 2017 Maral FM