Биз менен байланышыңыз

Беш айда ички дүң продукт өткөн жылга салыштырмалуу 1.6%га төмөндөдү

Кыска кабар | 15 Июн 2021 | 703 | 0

Ички дүң продукт (ИДП) ушул жылдын январь-май айларында өткөн жылдын ушул мезгилине  салыштырмалуу 1.6%га төмөндөө менен 215 млрд сомду түздү.

Улутстаткомдун маалыматына таянсак, «Кумтөр» кенин эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү, өткөн жылдын январь-май айларынын деңгээлинен 3.5%га өсүү менен 192 млрд ашык сом өлчөмүндө түзүлдү.

ИДПнын өсүү темпинин төмөндөшү өндүрүштө, курулушта алардын кыскарышы менен шартталды. Муну менен бирге, товарларды өндүрүүчү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-майына салыштырмалуу 8.6%га төмөндөдү (2020-жылдын январь-майында 1.0% төмөндөѳ болгон).

Кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2020-жылдын январь-майына салыштырмалуу 4.1%га жогорулады (2020-жылдын январь-майында 8.3%га төмөндөө болгон).

Copyright © 2017 Maral FM