Биз менен байланышыңыз

Кумтөрдүн жоголгон кызматкерлерин түнү менен издеп чыгышты

Без рубрики | 3 Дек 2019 | 394 | 0

«Кумтөр» ишканасынын дайыны чыкпай жаткан эки кызматкери табыла элек. Издөө иштери улантылып жатат. Курамына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) куткаруучулары кирген атайын топ түнү менен издөө иштерин улантты.

Министрликтин маалымат кызматы кабарлагандай, ӨКМден 64 куткаруучу, ишканадан 28 куткаруучу, жалпысынан 92 куткаруучу тартылган. Атайын топ кечээкиден бүгүнкүгө караган түнү да издөө иштерин жүргүзүшкөн. Азырынча жоголгондор табыла элек.

Эске сала кетели, 1-декабрдын таңкы сааттарында Кумтөр кенинде түнкү нөөмөттө иштеген эки кызматкердин жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Алардын бири — бульдозердин айдоочусу, экинчисинин мастер болгон. Кызматкерлер Кумтөрдө болуп өткөн жер көчкүнүн алдында калып калышы мүмкүн деп болжолдонууда.

Алардын бири Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун, экинчиси Тоң районунун тургундары болгон.

Copyright © 2017 Maral FM