Биз менен байланышыңыз

«Centerra Gold Inc.» менен стратегиялык макулдашуу дагы 150 млн долларга көбөйтүлдү

Кыска кабар | 28 Авг 2019 | 825 | 0

Өкмөт менен «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ортосундагы стратегиялык макулдашуу күчүнө кирди. Күчүнө кирген документке 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган. Стратегиялык макулдашуу боюнча 2026-жылга чейин жалпы суммасы 87 млн доллар каражат келип түшөт. Өкмөт макулдашуунун алкагында финансылык келип түшүүлөрдүн мурдагы кол коюлган көлөмүнө макул эместигин билдирген. Жана узакка созулган кошумча сүйлөшүүлөрдөн кийин жыйынтыгында бул сумма дагы 150 млн долларга чейин көбөйтүлгөн, ага геологиялык чалгындоо иштери да киргизилген. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 27-августта Өкмөттүн кеңешмесинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

«Биз кошумча 63 млн долларга жетиштик, аны менен бирге биз өзүбүзгө бир дагы кошумча милдеттенмелерди алган жокпуз. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин Кыргызстан 77 млн доллардан ашуун каражат алат, анын ичинде онкологияга каршы өнүктүрүү фондуна учурда келип түшкөн 7 млн доллар бар», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы ошондой эле Кумтөр кенинин иштеп баштаганынан бери 22 жылдын ичинде биринчи жолу жаратылышты коргоо чараларына олуттуу каражат бөлүнүп жаткандыгын баса белгилеп кетти.

Өкмөт башчы жооптуу мамлекеттик органдарга макулдашуулардын, эл аралык экологиялык стандарттардын жана Кыргызстанга тийиштүү мыйзамдарынын шарттарынын сакталышын тыкыр көзөмөлгө алууну тапшырды.

Эске салсак, «Кумтөрдүн» ИДПдагы үлүшү 9%га жакын, ал эми өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн 18%га жакыны «Кумтөргө» таандык. Ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында «Кумтөр» 9,37 тонна алтын өндүрдү. Жыл башынан бери компания салык жана милдеттүү төлөмдөр катары 4,22 млрд сом которгон.

Copyright © 2017 Maral FM