Биз менен байланышыңыз

Кумтөрдө жоголгондор: Ж.Жунушов, О.Ишенбеков аттуу жарандар экендиги такталды

Кыска кабар | 2 Дек 2019 | 772 | 0

Кумтөрдө дайынсыз жоголуп жаткан кызматкерлердин аттары аталды. Алар бульдозердин машинисти Ж. Жунушов менен тоо-кен бөлүмүнүн мастерлеринин бири О. Ишенбеков аттуу жарандар экендиги айтылууда. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат.

2019-жылдын 1-декабрында эртең мененки 5:43тө Лысый жээк өрөөнүндөгү кендин үйүлгөн жараксыз катмары кескин түрдө жылган. Өндүрүштөгү зарылчылыкка байланыштуу токтоосуз эвакуациялоо тууралуу сигнал түшкөндөн кийин коопсуз аймакка алып чыгуу максатында тоо-кен бөлүмүнүн мастерлеринин бири О. Ишенбеков Форд пикап үлгүсүндөгү кызматтык унаа менен көтөрүлүп, Жунушеви алып чыгышы мүмкүн эле. Бирок тоо-кен өндүрүшү бөлүмүнүн эвакуацияланган кызматкерлери чогулган жерде бульдозердин машинисти Ж. Жунушов да жок болуп чыккан.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кумтөр кенинде издөө жана куткаруу иштерин күчөтүүнү тапшырган. Учурда атайын топ издөө иштерин жүргүзүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM