Биз менен байланышыңыз

Кумтөрдө жоголгон кызматкерлерди атайын түзүлгөн топ издеп жатат

Кыска кабар | 2 Дек 2019 | 559 | 0

Кумтөрдө жоголгон кызматкерлер дагы деле табыла элек. Учурда атайын түзүлгөн топ издөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Бул тууралуу Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Атайын топтун курамында Жети-Өгүз районунун акими, райондук милиция, прокуратура кызматкерлери, мындан сырткары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратынын, облустук жана райондук бөлүмдөрүнөн 20 куткаруучу издөө иштерине тартылган.

Аларга кен казуучу компаниянын кызмактерлери 3 даана атайын техникасы менен көмөк көрсөтүшүп, издөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Эске сала кетсек, кечээ таңкы саатарда Кумтөр кенинде түнкү нөөмөттө иштеген эки кызматкердин жоголгондугу тууралуу маалымат кеип түшкөн. Алардын бири бульдозердин айдоочусу, экинчисинин мастер болгону айтылууда.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кызматкерлер Кумтөрдө болуп өткөн жер көчкүнүн алдында калып калышы мүмкүн деп болжолдонууда.

Алардын бири Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун, экинчиси Тоң районунун тургундары болгон.


Өкмөт башчы «Кумтөрдө» жоголгон жарандарды издөөнү тапшырды


Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тиешелүү кызматкерлерге кечээ Кумтөрдө жоголгон жарандарды табуу, аларды издөө боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүү тапшырмасын берген.

Copyright © 2017 Maral FM