Биз менен байланышыңыз

Сот Садыр Жапаров боюнча чечимди өзгөртүүсүз калтырды

Кыска кабар | 19 Авг 2019 | 867 | 0

Чүй облустук соту парламенттин мурдагы депутаты, саясатчы Садыр Жапаровдун жактоочуларынын апелляциялык арызынын негизинде даттанууну карап чыгып, 16-июлда Аламүдүн райондук соту тарабынан кабыл алынган чечимди күчүндө калтырды.

Анда, саясатчы Садыр Жапаровдун мунапыска байланыштуу түрмөдөгү жаза мөөнөтүн кыскартуу боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын сунушун 6 ай мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн кабыл алган эмес.

Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосуновдун айтымында, 2014-жылдын 27-февралындагы мунасып жөнүндө мыйзамдын негизинде жазасынын үчтөн бир бөлүгүн кыркартылсын деген сунушу четке кагылып, буга чейин окшош берене боюнча соттолгон жарандарга аталган мыйзам колдонулуп келгендигине карабастан четке кагылды.

Ошондой эле ал соттун чечимин саясий чечим катары баалап, Жогорку сотко кайрыла тургандыгын кошумчалады.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында «Кумтөр» кени боюнча болгон нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл 6 айга кесилген.

 

Copyright © 2017 Maral FM