Биз менен байланышыңыз

Кумтөрдө жоголгон эки кызматкердин унаасы табылды

Кыска кабар | 26 Дек 2019 | 1533 | 0

Ысык-Көл облусундагы «Кумтөр» алтын кенинин аймагында 26 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан эки кызматкердин унаасы табылды. Бул тууралуу өздүк булактарына таянып Акипресс агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, эки кызматкерге тиешелүү болгон унаа 25-декабрда саат 23:00 чамасында табылган. Ичинде дайынсыз болуп жаткан кызматкерлер бар деп болжолдонуп жаткан. Бирок унаанын ичинде эч ким болгон эмес.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган факт боюнча маалымат берүүдөн баш тарткан. Учурда издөө уланууда.

Буга чейин маалымдалгандай, 1-декабрь күнү жер көчкү жүргөн. Ошол эле күнү таңкы саат 5:00 чамасында ишкананын 2 кызматкери дайынсыз жоголгон. Издөө иштеринин жүрүшүндө эки унаа табылган болчу.

Жоголгон кызматкердин бири И.Өмүрбек 1984-жылдын 17-июнунда туулган (35 жашта). Тоо кен иштеринин мастери. Кумтөр алтын кенинде 2010-жылдан бери иштеп жаткан. Бишкек шаарынын тургуну.

Экинчи кызматкер Ж.Жолдошбек 1972-жылы 14-июлунда туулган (47 жашта). Кумтөр алтын кенинде 2010-жылдан бери эмгектенип келген. Тоң районунун Темир-Канат айылынын тургуну.

Copyright © 2017 Maral FM