Биз менен байланышыңыз

Ош: кооптуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлүүдө

Кыска кабар | 30 Апр 2020 | 496 | 0

Жаз-жай айларындагы сел, суу ташкындарынан, жер көчкү кырсыктарынан адам өлүмүн болтурбоо, материалдык чыгымдардын алдын алуу максатында ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармлыгынын кызматкерлери тарабынан кооптуу тилкелерде жашаган кожолуктарга түшүндүрүү, алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө Ош облусунун аймагында 2 488 турак-жай көчүрүүгө тийиш, анын ичинен 1 119 турак-жай мамлекеттик жардам жана жер тилкесин албагандар (көчүрүлбөгөндөр) 1 369 турак-жай мамлекеттик жардам жана жер тилкесин алып көчпөгөндөр болуп аныкталган.

Бүгүнкү күндө 1 993 үй-бүлөгө жекече эскертмелер берилди. Ош облусу боюнча 83 чатыр райондорго жеткирилди.

Алай районуна 48 чатыр жеткирилип, Гүлчө айыл аймагынын Таш-Коро айылына  18 чатыр, Чакмак айылына  2 чатыр, жалпы 20 чатыр тигилди.

Будалык айыл аймагынын Тамга-Терек айылына 2 чатыр , Октябрь айылына 4 чатыр, Кара-Суу айылына 4 чатыр, жалпы 10 чатыр тигилди.

Корул айыл аймагынын Тогул-Булак айылына 2 чатыр, Кен-Жылга айылына 3 чатыр жалпы 5 чатыр тигилди. Ленин айыл аймагына Мурдаш айылында 8 чатыр турат. Коңур-Дөбө айыл аймагы Арпа-Тектир айылында 5 чатыр. Ал эми Кара-Кулжа районуна 15 чатыр, Өзгөн районуна 20 чатыр жеткирилип, жергиликтүү бийлик менен макулдашууда турат.

Copyright © 2017 Maral FM