Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад: Табигый кырсыктардын алдын алуу иштери жүрүүдө

Кыска кабар | 2 Мар 2020 | 492 | 0

Жалал-Абад облусу өлкөбүздүн эң көп табийгый өзгөчө кырдаалдар катталган облустарынын катарына кирет. ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы сел, суу ташкындарынын, жер көчкү жана сел кырсыктарынын алдын алуу максатында  облус аймагында комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдө.

Ушул жылдын “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чарасынын негизинде жалпы 76 обьект бекитилген, анын ичинен 6 обьектиде жумуш жүргүзүлүп, 4 обьектиде жумуш аяктап, 2 обьектиде жумуш улантылууда.

Сузак районунун Сузак айыл аймагынын Мамараим сел каналынын 400 метр, Сузак айыл аймагынын Достук айылындагы сел каналынын 500 метр жана Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айыл аймагындагы Жети-Кошкон сел арыгынын 1360 метр аралыгын тазалоо жумуштары аяктады.

Ошондой эле, Сузак районунун Атабеков айыл аймагынын Ширин айылында Көк-Арт дарыясынын 700 метр аралыгынын нугун буруу жумуштары аяктады.

Бүгүнкү күндө, Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагындагы Кара-Дарыя дарыясынын жээгин бекемдөө жана Таштак айылындагы Ачы-Сай сайынын нугун тазалоо жумуштары башталды.

Copyright © 2017 Maral FM