Биз менен байланышыңыз

Абдикаримов «коронавирус менен ооруган жокмун» деген аял боюнча түшүндөрмө берди

Кыска кабар | 5 Апр 2020 | 3239 | 1

Кечээ, 4-апрель күнү Саламаттык сактоо министрлиги Аксы аймактык ооруканасынан 45 жаштагы аял коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылганын билдирген. Бирок ошол эле күнү социалдык тармактарда «Аксыдагы коронавирустан айыгып чыкты деген аял менмин, бирок мен ал оору менен ооруган жокмун, дары ичкен жокмун, болгону 14 күн карантинде жатып чыктым» деген аялдын видео кайрылуусу тараган.

Бүгүн саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов ал кайрылуу боюнча билдирүү жасады.

Анын айтымында, ал аялда коронавирус болгон жана ага дары-дармек берилип ооруканада дарыланган.

Мен ооруканадан чыккандарга кайрылат элем, объективдүү маалымат беришсе. Менде оору жок болгон деп айтыптыр. Оору клиникалык түрдө байкалбаса да, вирус организмде жүрөт. Ал айланадагылар үчүн кооптуу болот. Адам ооруганын сезбесе да, анын организминде вирус болот. Ал ооруканага жаткырылган, дары берилген. «Мага дары берген эмес» дейт. Ал чындыкка дал келбейт. Урматтуу бейтаптар, сүйлөп жатканда ойлонсоңуздар. Чындыкты айтыш керек. Эгер оору, оорунун козгогучу болбосо, аны ооруканага жаткырып, дарылоонун бизге кандай кызыкчылыгы бар? — деди ал.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 147ге жетти. Алардын ичинен 8 адам коронавирустан айыкты. Коронавирус жуктурган 1 адам каза болду.

1 пикир

1 пикир

  1. Нургуль

    05.04.2020 12:59

    Бийликтегилер базар баасын козомолдогуло!
    Сары озон базарда 1кг картошка 40 сомго чыкты.Бизге окшогон карапайым элге бул баа которо алгыс.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM