Биз менен байланышыңыз

Мирзиёев тик учак менен дамба жарылган аймакка барды (сүрөт)

Дүйнө , Кыска кабар | 1 мая 2020 | 3470 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тик учак менен «Сардоба» суу сактагычындагы дамба жарылган аймакка барды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянып жергиликтүү басылмалар жазды.

Буга чейин өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов дагы Сырдарыя аймагындагы «Сардоба» суу сактагычындагы суу ташкынына байланыштуу аталган аймакка барган болчу. Суу сактагычка жакын жайгашкан үйлөрдүн 11,6 миң тургуну эвакуацияланды.

Маалымат боюнча, 1-майда дамбанын алтынчы дубалынан суу ашып кеткен. Натыйжада Сардоба районундагы «Кургантепа» айылын суу каптап кеткен. Сел коркунучунан улам дагы бир катар калктуу конуштарды эвакуациялоо пландалууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгондор жана жабыркагандар жок.

Окуя болгон жерге 900гө жакын куткаруучу жана 200гө жакын техника тартылган. «Сардоба» суу сактагычында 922 миллион кубометр суу болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, суу ташкынынан негизинен айдоо аянттары жабыр тарткан. Окуя болгон жерди премьер-министр Абдулла Арипов, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Улуттук гвардиянын жана башка уюмдардын жетекчилери көзөмөлдөөдө.

Кубаттуулугу 922 миллион кубометр болгон «Сардоба» суу сактагычынын курулушу 2010-жылы башталып, 2017-жылы пайдаланууга берилген.

Copyright © 2017 Maral FM