Биз менен байланышыңыз

Экскаватор менен көлгө түшүп кеткен «Кумтөрдүн» жумушчусунун денеси табылды

Кыска кабар | 16 Фев 2020 | 1492 | 0

Экскаватор менен көлгө түшүп кеткен «Кумтөр» компаниясынын жумушчусунун денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Болжол менен саат 11.00 чамасында ӨКМдин Караколдогу бөлүмүнүн куткаруучулары суудан экскаваторду алып чыгышкан. Экскаватордун ичинде жумушчунун жансыз денеси болгон. Дене милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Эске салсак, Жети-Өгүз районунда «Кумтөр» компаниясынын жумушчусу 15-февралда жоголгондугу боюнча маалымат тараган болчу.

Маалыматка караганда, жумушчу экскаватор менен Петров көлүнө чөгүп кеткен. Окуя болгон жерге өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары барган.

Кошумча маалымат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM