Биз менен байланышыңыз

CASA-1000: Кыргызстан 23 млрд кВт/саат электр энергиясын экспорттойт

Без рубрики | 11 Дек 2019 | 529 | 0

Кыргызстан 2022-жылдан тартып CASA-1000 долбоору аркылуу 15 жыл аралыгында 23 млрд кВт/саат электр энергиясын экспорттойт. Долбоорду даярдоо төрт мамлекеттин өкмөттөр аралык кеңешинин жетекчилиги астында жүрүүдө. Долбоорду ишке ашыруунун жалпы суммасы 1 миллиарддан ашып, анын 233 миллион доллары Кыргызстандын үлүшүнө туура келет.

Борбор Азия жана Түштүк Азия CASA -1000 долбоору Кыргызстан, Тажикстан жана Авганистан , Пакистан өлкөлөрүн бириктирген жогорку кубаттагы электр линиясын куруу дегенди  билдирет. Аталган долбоор аркылуу Кыргызстан менен Тажикстан, Пакистан менен Афганистанга электр энергиясын экспорттойт. Долбоордун жалпы суммасы 1 миллиард долларды түзсө, анын 233 миллион доллары Кыргызстанга туура келет. Долбоордун ишке ашуусу үчүн 500 кВттык ток өткөрүү линиясын куруу зарыл. Кыргызстан CASA-1000дин алкагында 450 кмге созулган линияны курушу керек. Бул “Датка” көмөк чордонунан Тажикстандагы “Сугд” көмөк чордонуна чейин аралык. Долбоор ишке кирген соң, электрэнергия менен камсыз кылуу көлөмү орто эсеп менен 1 млрд 200млн кВт.С- 1млрд 500 млн кВт.Сааты түзөт. Мындан Кыргызстандын кирешеси кандай болорун “Электр станциялары” ишканасынын директорунун орун басары Улан Орозоев айтып берди.

-Долбоор бизге кандай киреше берет? 9,4 центти Пакистан, Афганистан болсо 8,1 цент берет. 5,1 цент Пакистандыкы, Афганистандыкы болсо, 5,11 цент бул “Электр станциялары” ишканасынын пайдасына түшөт. Биздикине салыштырмалуу бул абдан чоң тарифтер, бизге пайдасы тиет. Бул долбоор 2018-2040-жылдагы Улуттук стартегияда да жазылган. CASA — 1000ди ишке ашыруу боюнча бир топ жолугушуулар болуп, көйгөйлөрдү чечүү аракеттери көрүлүүдө. Төрт мамлекет тең кызыкчылыгын билдирип, алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө.

Жалпы 84 айылдан CASA — 1000 долбоорунун электр чубалгылары өтөт. Биринчи компонент боюнча айылдардагы электр энергиясы менен камсыз кылууну жакшыртылат. Тагыраагы, электр чубалгыларын оңдоо, трансформаторлордун кубаттуулугун жогорулатуу жана жаңы конуштарды электрэнергиясы менен камсыз кылуу каралган.

Муну менен катар сөз болуп жаткан долбоордун алкагында бул айылдарда социалдык инфраструктураны жана экономикалык объектилерди жакшыртуу долбоору каралган. CASA — 1000 жана АРИСтин коомдук тартуу жана даремет арттыруу эксперти Кубатбек Алапаевдин билдиришинче, бул долбоор бүткүл дүйнөлүк банк жана трасттык фонд тарабынан каржыланат.

-Электр чубалгыларынын огунан оң жагына 1,5 жана сол жагына 1,5 километр ээлеген үч километрлик трасса болуп эсептелет. Бул долбоорго Ош, Жалал-Абад, Баткен областарынан 84 айыл жана 42 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары камтылган. Бул долбоор Бүткүл дүйнөлүк банк жана трасттык фонд тарабынан каржыланат. Жалпы бюджети 11 миллион доллар. 10 миллиону Бүткүл дүйнөлүк банктан жана 1 миллион даллар трасттык фонд тарабынан каржыланат. Долбоор коммчулукка берилүүчү субгранттар, социалдык мобилизация жана мониторинг иш-чаралары, жана долбоорду башкаруу багытында иш жүргүзөт.

CASA-1000 долбооруна европалык инвестициялык банкынан 70 миллион еврону кредиттик негизде алуу боюнча макулдашууга Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети макулдук берди. Долбоор боюнча комитеттин төрагасы Эмиль Токтошев “Маралга” маек берип, CASA-1000ди ишке ашырууда өкмөттүн аракети ыкчам болуусу зарылдыгын белгиледи. Буга кошумча ал долбоордун ишке кирүүсүндө кандай тобокелчиликтер бар экендиги боюнча ой бөлүштү.

 Суу азайып, мөңгүлөрдүн эрип жатканын айтып, тобокелчиликтер боюнча биз да сурадык. Маалыматка ылайык, 2022-жылы 500млн кВт энергия берерибиз айтылды. Бул Кыргызстан үчүн жеңил эле. Андан кийин 15 жыл ичинде 23 млрд кВт/саат электр энергиясы экспорттолот. Бизге бул аралыкта ГЭСтер куруларын айтып, эч кандай тобокелчиликтердин болбой турганын айтып ынандырышты.

CASA-1000 2022-жылдын апрелинен баштап ишке кирери айтылган. Кыргызстандан 15 жылдын ичинде 23 млрд кВт/саат электр энергия экспорттолот. Электрэнергиядан Кыргызстанга 1 кВт/cаатына 5,5 цент түшөт.

Copyright © 2017 Maral FM