Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстандан акча чыгарылып жатат деп коркпош керек»

Экономика | 29 Ноя 2019 | 869 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын банктарынан 2018-жылы 90,5 млрд доллар, ошондой эле  2019-жылдын 6 айында 48,3 млрд доллар чыгарылганы тууралуу парламенттин жыйынында айтты. Учурда коомчулукта бул сандар талкуу жаратып, акча кандай негизде чыгарылып кеткен? Бул акчалар ишкерлердин акчасыбы же аткезчилик жол менен чыгарылдыбы деген күмөндүү суроолор пайда болуп жатат.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте депутат Таабалды Тиллаевдин суроосуна жооп берип жатып, журналисттик иликтөөдө айтылган өлкөдөн чыгарылган 700 млн. доллар казынанын акчасы эместигин айтты. Ошондой эле, Кыргызстандын банктарынан 2018 жана 2019-жылдын биринчи жарымында миллиондогон долларлар чыгарылып жатканын айтты:

-700 млн.доллар — казынанын акчасы эмес. Бул бизнесмендердин акчасы. Биздин бюджеттин бир дагы сому жок ал жакта. Биздин аймакка Өзбекстандан келип башка жакка кетип жаткан болсо, банк өзүнүн кызмат акысын алышы мүмкүн. Кыргызстанда банк кызматы арзаныраак, либералдуу. Бекеринен, Өзбекстандан келген акча башка жакка чыгып кетип жаткан жок. Муну этияттык менен айтышыбыз керек, бул өзү бизнеске тоскоолдук жаратат. Бизде дагы бир маалымат бар, аны баарыбыз билип алышыбыз керек. 2018-жылы 90,5 млрд доллар, ал эми 2019-жылдын 6 айында 48,3 млрд доллар  Кыргызстандан чыгарылып кеткен.

Улуттук банк 90 млрд. доллар боюнча түшүндүрмө берди

«Бир жылдын ичинде Кыргызстандан 90,05 млрд доллар чыгырылып жатса, бул кандай негизде чыгарылган? Ишкердин акчасыбы?» –деген күмөндүү ойлор жаралып, коомчулуктун дүргүшүнө жем таштады. Кыргыз Улуттук Банкынын расмий өкүлү Аида Карабаеванын берген маалыматы боюнча, акча которуу системалары аркылуу ушул жылдын январь –сентябрь айларында Кыргызстандан 383 млн доллар башка жакка которулган. Карабаева 2018-жылы жеке жарандардын чет өлкөгө которгон акчасынын көлөмү 542 млн долларды түзгөнүн маалымдады:

Бул жерде эки сумманы бөлө билиш керек. Банктардагы операциялар боюнча бул башка сумма жана акча которуу системалары тууралуу айтсак, бул башка сумма. Өлкөдө азыркы күндө 24 коммерциялык банк бар. Ошол банктардын күнүмдүк ишмердүүлүгүнө байланыштуу транзакциялар боюнча жүгүртүлгөн акча каражаттары. 2018-жылы 24 коммерцалык банк тарабынан күнүмдүк операциялык ишмердүүлүгүнө байланыштуу которуу операциялары 88,6 млрд долларды түзгөн. Бул операциялар банктардын корреспонденттик эсептеринен өтүп, активдердин кыймылын алып келген. 2019-жылдын биринчи жарымында болсо, коммерциялык банктардын мындай операциялары 48,1 млрд долларды түзгөн.

Абылгазиев: Тышкы финансы булактары экономиканы өнүктүрүүгө багытталат

Ал арада «Замандаш» саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов «Марал» радиосуна берген маегинде, акыркы 20 жылда Кыргызстан менен Кытайдын товар алмашуусунда аткезчиликтин көлөмү 50 млрд долларды түзгөнүнө токтолду. Ошондой эле Кыргызстанды буга чейин башкарып келген президенттердин убагындагы аткезчиликтин көлөмдөрүн санап берди:

2001-жылы Кытай эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн 75 млн доллар деп көрсөтсө, Кыргызстан 48 млн доллар деп билдирген. Ал эми 2004-жылы кытай тарап 442 млн десе, биздикилер 80 млн доллар деп көрсөткөн. 2015-жылы Кытай 4 млрд доллар, кыргыз тарап 1 млрд доллар деп маалымдаган. Эң чоң айырма 2008-жылга туш келет. Кытайдын маалыматы боюнча эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 9 млрд 212 млн доллар болсо, кыргыз тарап 728 млн доллар деп көрсөткөн. 8 млрд доллардан ашык каражаттан бюджетке бажылык төлөм алынган эмес.

Негизи эле, 1 жылдын ичинде 90,5 млрд доллар чыгарып кетүүгө мүмкүнбү деген суроо менен экономист Кубан Чороевге кайрылдык:

Чыгарылган акчанын басымдуу бөлүгү чет мамлекеттердин каражаттары. Башкача айтканда, европалыктар же коңшу мамлекеттердеги ири компаниялар Кыргызстандагы банктардан эсеп ачтырып коюп, аны кайра колдонушат. Бул экономикадагы нормалдуу эле көрүнүш. Мындан чочулоонун кереги жок. Анткени башка жактан биздин мамлекетке акча келип турганы жакшы. Инвесторлорду да тартканга өбөлгө түзөт. Ал эми ошол 90,5 млрд доллар бул бардыгы кыргызстандык ишкерлердики дегенден алысмын. Анткени буга чейинки деле маалыматтарда 1 жылдык биздин ишкерлердин акчасы 5 млрд долларды түзгөн. Демек, калганы башка мамлекеттин акчалары. Эгерде биз кайра-кайра ушинтип айтып, жар сала берсек, инвесторлордун өлкөгө келиши күмөн жаратып калат.

Абылгазиев: Калктын экономикалык активдүүлүгүнө басым жасалат

Элди дүрбөлөңгө салбай, маалыматты түшүндүрүү керек эле. Мындай пикирди экономист Улук Кыдырбаев билдирип, жогоруда айтылган Кыргызстандын банктарынан чыгарылып кеткен 90,5 млрд доллар, бул насыянын акчасы болушу толук мүмкүн экенин белгилейт. Кыдырбаев биздин банктар эл аралык банктардан насыя алып, ал акчаларды айлантып кайра чыгаруудагы сумманын көрсөткүчтөрү  болушу толук мүмкүн дейт:

-Бул жерден маалыматты бир аз түшүндүрүп айтып бериши керек. Маселен, 90,5 млдр доллар бир жылда биздин өлкөдөн чыгарылыптыр деген сөз коомчулукту кайра эле ызы-чуу кылып жатып калды. Бирок бул кандай негизде чыгарылган акчалар болушу мүмкүн деген суроо пайда болот. Сумманын көбү башка жактан биздин банктар насыяга каржат алып, аны айлантып, улам өлкөгө кирип жана чыгарып жатканда деле сандар жазылып кала берет. Эсептей келгенде ошончолук чоң сумманы көрсөтүп коюшу мүмкүн. Ортодо ошол эле акча айланып жүрүп, насыя алгандарга кайра кайтарып берүүдөгү көрсөткүчтөр болот.

Эскерте кетсек, өкмөт башчы быйыл 6 айда 48,4 млрд доллар башка өлкөгө которулганын айтып, эгерде бул сумма аткезчилик жолу менен чыккан болсо чара көрүлөрүн билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM