Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк 90 млрд. доллар боюнча түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 29 Ноя 2019 | 888 | 0

2018-жылы «Кыргызстандан чет жакка 90 млрд. доллар акча которулган» деген премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кечээ, 28-ноябрда Жогорку Кеңеште сүйөлөгөн сөзүнө Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди.

-Бул жерде эки сумманы бөлө билиш керек. Банктардагы операциялар боюнча бул башка сумма жана акча которуу системалары тууралуу айтсак бул башка сумма. Акча которуу системалары аркылуу ушул жылдын январь –сентябрь айларында Кыргызстандан 383 млн доллар которулган. Бул жеке физикалык жарандардын чет өлкөгө которгон акчасы. Ошондой эле, 2018-жылы жеке жарандардын чет өлкөгө которгон акчасынын көлөмү 542 млн долларды түзгөн.

Өлкөдө азыркы күндө 24 коммерциялык банк бар. Ошол банктардын күнүмдүк ишмердүүлүгүнө байланыштуу транзакциялар боюнча жүгүртүлгөн акча каражаттары. 2018-жылы 24 коммерцалык банк тарабынан күнүмдүк операциялык ишмердүүлүгүнө байланыштуу которуу операциялары 88,6 млрд. долларды түзгөн. Бул операциялар банктардын корреспонденттик эсептеринен өтүп активдердин кыймылын алып келген. 2019-жылдын биринчи жарымында болсо коммерциялык банктардын мындай операциялары 48,1 млрд. долларды түзгөн.

Тагыраагы, коммерциялык банк өз каражатын чет өлкөгө көп жолу жөнөтүп, бир акча бирдигине башка акча бирдигин сатып алып, мисалы долларга рубль сатып алып, кайсы жерде кандай валюта арзаныраак болсо, акчаны жөн эле кармап тура бербей, акча каражаттарын айланып турат. Ошонун негизинде чет өлкөлүк корреспонденттер менен операциялардын негизинде 90 млрд. доллар операциялар жүргүзүлгөн. Муну менен чет өлкөгө чыгарып кетти деген түшүнүк туура эмес. Бул банктар тарабынан жүргүзүлгөн күнүмдүк операциялардын көлөмү, — деп билдирди Аида Карабаева.

Copyright © 2017 Maral FM