Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Калктын экономикалык активдүүлүгүнө басым жасалат

Кыска кабар | 28 Ноя 2019 | 513 | 0

Аймактарды өнүктүрүү маселесинде калктын экономикалык активдүүлүгүнө басым жасалат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Өкмөт аймактарды өнүктүрүү үчүн ички өндүрүшкө түрткү берет. Бул максатты ишке ашырууга 2020-жылы 4,8 млрд сом каралууда. Бул жакка «Centerra Gold»  компаниясынын каражатына түзүлгөн эки фонддун финансылык каражаттары жумшалат. Мындан тышкары, буга чейин донорлор тарабынан берилген 2 млрд сом стартаптарды жүзөгө ашырууга, аялдар ишкерлигин колдоого жана өлкөнүн алыскы аймактарындагы долбоорлорду колдоого жумшалат.  Жалпысынан аймактарды өнүктүрүү үчүн былтыркы 2 млрд сомдун ордуна 6,8 млрд сомго каржылоо иштери жүрөт, — деди премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылдан тартып – долбоорлорго каражаттар ачык-айкын жана кайтарымдуулугу эске алынып берилет.

Премьер-министр белгилегендей, кен иштетүү тармагында иштер аткарылууда. Анын алкагында кенде алтындын көлөмүн так аныктоо үчүн эл аралык стандарттагы мамлекеттик лабораторияны ачуу, ал эми келерки жылы өлкөдөн кенди жана концентратты чыгарууга акы киргизүү пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM