Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Тышкы финансы булактары экономиканы өнүктүрүүгө багытталат

Кыска кабар | 28 Ноя 2019 | 736 | 0

-Эгер ушул жылдын башында ИДПга карата тышкы карыздын көлөмү 48,8 пайызды түзсө, ал 2020-жылы 43,5%га чейин төмөндөшү күтүлүүдө. Башкача айтканда, көрсөткүчтөр төмөндөөдө. Өкмөт бюджеттеги каатчылыкты жана мамлекеттик карызды кыскартуу максатында бюджетти консалидациялоо саясатын улантат. Бюджеттин күнүмдүк чыгымдары ички булактар аркылуу жабылат, ал эми тышкы финансы булактары экономиканы өнүктүрүүгө багытталат, — деди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында.

Калкты социалдык коргоо жана колдоо Өкмөттүн ишинде ар дайым артыкчылык катары калат. Өкмөт башчы билдиргендей, быйыл билим берүү тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы көбөйтүлүп, медициналык кызматкерлердин маянасын көтөрүүдө олуттуу жылыштар бар.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, 2020-жылы бюджеттин социалдык багыты – артыкчылык катары кала берет.

Copyright © 2017 Maral FM