Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: «Парламент коркуп отурат»

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Ноя 2019 | 799 | 0

Жогорку Кеңеште коррупция гүлдөп кетсин деген кызыкчылык жок, бирок коркунуч бар. Парламент коркуп отурат. Мындай пикирин эл өкүлү Алмамбет Шыкмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди:

-ЖКга «коррупция гүлдөсүн» деген эл душмандары келип алган жок да. Алардын баары күч органдарынан, АКСтен, прокурордон коркуп отурушат. Эгерде алар коррупциянын бетин ачса, коррупция алардан да күчтүү. Мисалы, Клара Сооронкулова президентке каршы чыга коём деп жумушунан алынган, — дейт Шыкмаматов.

Анын айтымында, ЖКнын 30%ы бир күчтүн тегерегине бириксе, парламенттин табияты бир топ өзгөрмөк.

-Мен парламенттин ичинде жүрөм, жадагалса, 00,2%дык күчүбүз жок. Ар бирибиз өз-өзүнчө, бүгүн айтып коюп 3 күн жоголуп… ушундай , — дейт депутат.

Ал мындан сырткары, ЖК коопсуздук органдарынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп келе жатканын белгиледи.

Буга чейин Конституциялык соттун мурунку судьясы Клара Сооронкулова парламент коопсуздук органдарынын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзбөй жатканын билдирген эле.

Copyright © 2017 Maral FM