Биз менен байланышыңыз

Разаков: «Чек араларды тактоодо эч бир аймакты анклавда калтырбайбыз»

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Ноя 2019 | 748 | 0

Кыргыз-тажик чек арасын тактоодо тажиктерге сатылып кеткен үйлөр Кыргызстандын жери катары сүйлөшүлөт. Анткени карта, тийиштүү документтер боюнча ал жерлер кыргыз тарапка тиешелүү болуп эсептелет. Эч бир аймак анклавда калбайт. Бул тууралуу вице- премьер-министр Жеңиш Разаков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, тажиктерге үй сатуу Баткен районунун Самаркандек, Актатыр аймагында, ошондой эле Лейлек районунун Жаңы-Жер, Кулунду аймактарында кездешет.


Жеңиш Разаков: «Мадумаров кол койгон протокол боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат»


-Биз бул жерлерди алмашууну сунуштадык. Тажик тарап мойнуна алып жатат. Бирок бирдиктүү чечимге келе элекпиз. Чек араларды тактоо боюнча биздин комиссия ачык, ар бир жаран сунушун айтууга укуктуу. Бирок комиссиянын курамына кошуу башка маселе. Элден качкан жерибиз жок. Комиссиянын курамындагылардын баары жергиликтүү адистер, — дейт Разаков.

Ал мындан сырткары, Арка аймагында трассадагы Тажикстандын посту кыргыз жарандарына тоскоолдук жаратпай турганын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM