Биз менен байланышыңыз

Жеңиш Разаков: «Мадумаров кол койгон протокол боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Ноя 2019 | 3464 | 1

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын жетекчиси Адахан Мадумаровдун чек ара маселесин чечүү тууралуу кол койгон чечими боюнча, тагыраагы, 2009-жылы Тажикстан менен түзүлгөн протокол боюнча учурда УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Толук жыйынтыгы чыга элек. Бул тууралуу вице- премьер-министр Жеңиш Разаков «Марал» радиосуна берген маегинде төмөнкүчө билдирди:

-Протоколдун тобокелчиликтерди изилдөө боюнча мен тараптан жумушчу топ түзүлгөн. Бул боюнча бирдиктүү чечим кабыл ала элекпиз, — дейт Разаков.

Эске салсак, 2009-жылы Адахан Мадумаров Кыргызстандын коопсузук кеңешинин катчысы болуп турганда тажикстандык кесиптеши Амиркул Азимов менен бирге Ходжент шаарындагы эки тараптуу жолугушууда чек ара маселесин чечүү максатында протоколго кол коюшкан. Мадумаров мындай чечимди стратегиялык жактан туура болгон деп эсептейт.

Протокол 9 пункттан турат:

  • биринчи пунктунда делимитация жана демаркацияга чейин чек ара сызыгын бойлото чарбалык иш жүргүзүүгө тыюу салуу жөнүндө;
  • экинчи бөлүгүндө 275 гектар жерди 49 жылга ижарага алуу жана ал жакка техниканы, жумушчаларды жол куруу үчүн тоскоолсуз алып кирүү жөнүндө;
  • үчүнчү пунктта чек арадан өтүүнүн шарттары жөнүндө;
  • төртүнчүдө 2008-жылы 26-ноябрда кабыл алынган делимитация жана демаркация боюнча келишимдин күчү жокко чыгат;
  • бешинчи бөлүккө ылайык, Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун бийлиги жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү керек;
  • алтынчы пунктта жазылгандай, конфликт пайда болгон учурда аны, эки тараптын бийлик өкүлдөрү биргелешип иш алып баруу менен чечиши керек;
  • жетинчи пунктта чек арадагы суу ресурстарын пайдалануу боюнча жазылат;
  • сегизинчи бөлүмдө аталган протоколдун ишке ашуусун козөмөлдөө эки өлкөнүн коопсуздук кеңешинин милдети экени айтылат;
  • тогузунчуда эки өлкөнүн кийинки жолугушуусунун шарттары жана орду жөнүндө жазылган.

1 пикир

1 пикир

  1. Pingback: Мадумаров кол койгон протокол боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат - Жебе Медиа

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM