Биз менен байланышыңыз

Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйыны өттү

Кыска кабар | 12 Ноя 2019 | 417 | 0

Бүгүн, 12-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Төрага Дастанбек Жумабеков жетекчилик кылган жыйынга кеңештин мүчөлөрү, өкмөттүк мекемелердин, бир катар коомдук уюмдардын жана ишкердик чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.

Алгач ишкердик субъектилерин текшерүү тартибине байланышкан мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралып, төрага ишкердик чөйрөсүнө керектүү шарттарды түзүү мамлекеттин алдыга койгон максаттарындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи.

Ошондой эле, жыйында салык талаш-тартыштарын сотто жана сотко чейин кароо этаптарын жакшыртуу маселеси да талкууланып, “Кыргыз Республикасынын Салык кеңешчилеринин палатасы” кесиптик коомдук бирикмесинин төрайымы Татьяна Ким айрым жагдайлар сот тарабынан узак мөөнөттө каралып жатканына токтолду.

Талкууда аталган багыттагы соттук жараяндардын корутундулары тууралуу да сөз болуп, аппеляциялык жана сот инстанциялары кабыл алган чечимдердин укуктуулугун камсыздоочу мыйзам долбоорлордун топтомун иштеп чыгуу зарылчылыгы белгиленди. Ага ылайык, бул жаатта атайын жумушчу тобун түзүү чечими кабыл алынды.

 

Copyright © 2017 Maral FM