Биз менен байланышыңыз

Бакыт Төрөбаев: Бир учкуч он мигранттын акчасын табат

Кыска кабар | 6 Ноя 2019 | 747 | 0

Бир учкуч, он мигранттын акчасын табат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Бакыт Төрөбаев өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

«Бүгүн Ишембай Абдраимов атындагы авиациялык институтка барып, окуу-жайдын абалы менен тааныштым. Бир учкуч, он мигранттын айлык акысына ылайык каражат табат. Эл аралык авиа компанияларда эмгектенген учкучтардын маянасы 10 миң доллардын тегерегинде», — деп жазган эл өкүлү.

Ошондой эле, ал азыркы кезде дүйнөдөгү алдыңкы авиа компанияларда учкучтарга болгон талап жогору экендигин айтып, экономиканы көтөрүү үчүн, ушул тармакка терең маани бериш керектигине токтолгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM